Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкулчүлүгү Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөл департаментине маймыл чечек вирусун эрте аныктоо үчүн 1700 даана изилдөө жүргүзүүчү реагенттерди берди.
Уюмдун маалыматы боюнча, мындан тышкары бир жолу колдонулуучу медициналык бахила, халат, кол капт, чепчик, пробирка жана башка керектүү буюмдар тапшырылды.
«ДССУ өнөктөштөр менен бирге Кыргызстан мамлекетине жугуштуу коркунучтарга даярдыгын жана жооп кайтаруусун күчөтүүдө колдоо көрсөтүүнү улантууда. Заманбап лабораториялык мүмкүнчүлүктөргө жетүү — калктын ден соолугун коргоонун негизги элементи», — деп баса белгиледи ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско.
«Берилген материалдар лабораториялардын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого жана инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн өтө маанилүү болгон mpox (маймыл чечеги) вирусун эрте аныктоону жакшыртууга жардам берет», — деп кошумчалады Коомдук коопсуздук жана саламаттыкты сактоо департаментинин директору Абдыкадыр Жороев.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 14-августунда ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюс Конго Демократиялык Республикасында (КДР) маймыл чечек оорусуна чалдыккандардын кескин өсүшү жана Африканын башка өлкөлөрүндө да оорулардын көбөйүшү, эл аралык деңгээлдеги коомдук саламаттык сактоо боюнча өзгөчө кырдаал болуп саналат деп жарыялады.