03:32
USD 87.00
EUR 90.63
RUB 0.79

Москвада Кыргызстандын Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын өкүлчүлүгү ачылды

Москвада Кыргызстандын Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Бекбаева билдирди.

Анын айтымында, ВДНХдагы Кыргыз Республикасынын павильонунда компаниянын өкүлү мекендештерди кабыл алып, кеп-кеңештерин жана жардамдарын бере баштады. Жарандарды кабыл алуу иш күндөрү саат 11.00дөн 18.00гө чейин жүргүзүлөт.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинен тарта «Үлүштүк курулуш» механизми иштей баштаган. Ал чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттарга мамлекеттик ипотека алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Азыр республика боюнча 40 мицден ашык квартира курулуп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар