10:35
USD 86.80
EUR 91.46
RUB 0.87

Маданият министрлиги тарыхый-маданий объекттерин инвесторлорго сатууга каршы

Маданият министрлиги тарыхый-маданий мурас объекттерин инвесторлорго берүүгө каршы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Депутаттар биринчи окууда «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү талкуулап жатышат. Демилгечи — Экономика жана соода министрлиги. Мекеме мамлекеттик жана муниципалдык эски имараттарды ишкерлерге сатууну сунуштоодо.

Экономика министрлигинин башчысынын орун басары Искендер Асыкулов белгилегендей, Бишкекте 129 тарыхый-маданий мурас объектилеринин ичинен 14ү административдик имараттар. Инвестициялык келишимдин алкагында аларды бузуп, ордуна жаңы объекттерди курууга уруксат берилген.

«Мисалы, Чүй проспектисиндеги Салык кызматынын имараты эскирген. Бул жерге инвесторлор 20 миллион доллар салып, жаңысын куруп берсе, эскисин бузуп салса болот. Ал эми салык кызматкерлери үчүн президенттик администрациянын маңдайына жаңы имарат курулуп жатат», — дейт Искендер Асыкулов.

Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Конституциянын 15-беренесине карама-каршы келерин белгиледи. Аталган департамент мыйзам долбооруна терс корутунду берген.

«Конституцияга ылайык, тарыхый-маданий мурастардын эстеликтери, архитектуралык, археологиялык объектилер жана табылгалар мамлекеттик менчик болуп саналат жана мыйзам тарабынан өзгөчө корголот. Ошондуктан биз сунушталып жаткан демилгеге каршыбыз», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар