10:57
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда ТикТокту жабууда техникалык кыйынчылыктар келип чыкты

Кыргызстандын аймагында TикТок платформасын жабууда техникалык кыйынчылыктар келип чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бектур Ибрагимов «Азаттыкка» билдирип, мекеме аталган платформаны жабуу боюнча чечимин өзгөртпөгөнүн кошумчалады.

«ТикТокту жабуу боюнча биздин чечим күчүндө. Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул ишти алып барышы керек болчу. Бирок техникалык жактан кыйынчылыктар болуп жатат. Биз ТикТоктогу тэгдерди аныктап, тизмесин министрликке бергенбиз. Бул иш азырынча жыйынтыктала элек», — деди Ибрагимов.

Ал ТикТоктун жетекчилиги менен да сүйлөшүүлөр уланып жатканын, платформага каттоосуз кирүүгө тыюу салуу, жаш курагы боюнча чектөөлөрдү киргизүү сыяктуу талаптар коюлганын айтты. Ибрагимов азырынча Тикток коюлган талаптарды аткара электигин, алар менен байланыш уланып жатканын кошумчалады.

Бул боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлиги комментарий бере элек.

30-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда ТикТокту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Мекеме буга соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүүсүнө, саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн негиз кылган.

Министрликтин мындай чечими социалдык тармактарда кызуу талкууланып, аны «сөз эркиндигин чектөө» деп сыпаттагандар да болгон.

Тиркеме 2016-жылы Кытайда чыккан. Кийинки жылы ByteDance компаниясы эл аралык версиясын сунуш кылган. 2019-жылы тиркеме 693 миллион жолу орнотулса, 2020-жылы 850 миллионго жеткен. 2021-жылдын аягындагы статистикага караганда, айына платформаны 1,2 миллиард киши активдүү пайдаланып келген. Кытайда күнүнө 600 миллион киши ТикТокко кирип турат.

Популярдуу тиркеме былтыр 11 миллиард доллардай киреше тапкан. Мурунку жылы бул көрсөткүч 4,6 миллиард доллар болгон.

АКШда айрым мыйзам чыгаруучулар ТикТокко толук тыюу салуу демилгесин көтөрсө, Европа Биримдиги платформаны кызматтык телефондордон алып салууга көрсөтмө берген.

Батышта тиркемеге ээлик кылган кытайлык ByteDance компаниясы колдонуучулардын жеке маалыматтарын, өкмөттүк купуя сырларды Кытай бийлигине өткөрүп берип, платформаны жалган маалымат таратуу үчүн пайдаланып кетиши ыктымал деп чочулашат.

Эң көп окулган жаңылыктар