11:24
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстанда алгачы жолу эл аралык тенор ырчыларынын сынагы өтөт

2020-жылы Кыргызстанда алгачкы жолу СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев атындагы тенор ырчыларынын сынагы өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы менен өткөн жыйында белгилүү болду.

Учурда сынактын жобосу иштелип жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча сынак 2020-жылы күз айларында өтөт.

«Сынактын негизги максаты- жаш жана таланттуу опера ырчыларын колдоо, аларды алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүү. Ушундай жол менен сынакка катышуучулар ортосунда тажрыйба алмашууга шарт түзүп, жаш таланттарды сахнага алып чыгууга көмөк көргөзөбүз»-, деп кошумчалады министр.

Токтоналы Сейталиев кыргыз элинин опера ырчысы (лирикалык тенор). Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти (1972), Казак Мамлекеттик консерваториясынын ардактуу профессору жана Кыргыз ССРнин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болуп эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума