09:36
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Маданият министри ырчы Малик Аликеевден WhatsApp аркылуу кабар алды

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, белгилүү ырчы Малик Аликеевге WhatsApp аркылуу байланышка чыгып, абалын сурады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Малик Аликеев учурда Талас шаарында болгондуктан WhatsApp аркылуу ден-соолугунан кабар алууга туура келген. Азамат Жаманкулов ырчынын ал-абалын сурап, чыгармачылыгы жөнүндө сөз болгон. Ошондой эле министр ырчыны мамлекеттик сыйлыкка көрсөтө тургандыгын айткан. Ал эми бул байланышка министрдин орун басары Кайрат Иманалиев да катышкан.

Эске сала кетсек, белгилүү ырчы Малик Аликеев жакында бутунан операция болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби