19:17
USD 86.80
EUR 91.19
RUB 0.85

Үч жылга жетпеген убакытта Кумтөрдүн таза кирешеси 1,77 миллиард доллардан ашты

Мамлекетке өткөн үч жылга жетпеген убакытта Кумтөр долбоорунун таза кирешеси 1 миллиард 77 миллион доллардан ашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Депутаттар министрлер кабинетинин 2023-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетун карап жатышат.

«Тоо-кен тармагында Садыр Жапаровдун саясий эркинин аркасында революциялык эмес, эволюциялык окуялар болду. Акыркы 30 жылда биринчи жолу кыргыз мамлекетинин экономикалык, улуттук жана экологиялык кызыкчылыктары иш жүзүндө корголду. 27 жылдын ичинде 400 тонна алтын өндүрүлүп, Кумтөрдөн 100 миллион доллар гана дивиденд түшкөн. Ал эми бүгүнкү күндө 2,5 жылдын ичинде 38 тонна алтын өндүрүлүп, дивиденд катары 291 миллион доллар түшсө, үч жыл ичинде бюджетке салык жана башка төлөмдөр 990 миллион долларды түздү», — деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле өлкөнүн тарыхында биринчи жолу геологиялык изилдөөлөргө 1 миллиард сом бөлүнгөнүн, тоо-кен ишканалары өлкөгө үч жылда 111 миллиард киреше алып келгенин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар