Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 2024-жылы ички дүң продукциянын өсүшү 9,2 пайызга жетиши пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин республикалык бюджеттин 2023-жылдагы аткарылышы боюнча жана «2025-жылдагы бюджети , 2026-2027-жылдарга карата пландык көрсөткүчү жөнүндөү» мыйзам долбоору тууралуу отчёт берип жатып билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылы пандемия, Баткен окуясы, климаттык каатчылык ж.б. болгондо министрлер кабинети ИДПнын өсүшүн 7 пайызга жеткире алган. Кийинки үч жылда ИДПнын өсүшү 9 пайызды түздү.
Акылбек Жапаров белгилегендей, бул мамлекеттик органдардын эле эмес, чакан жана орто бизнестин, тейлөө тармагынын, өндүрүш кызматкерлеринин да эмгеги.