02:44
USD 86.80
EUR 91.76
RUB 0.80

Жыл башынан бери Кыргызстанда жол кырсыгынан 93 адам каза болду

Жыл башынан бери Кыргызстанда 1 миң 89 жол кырсыгы катталып, 93 адам каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов билдирди.

Анын пикиринде, жол кырсыктарынын себептеринин бири оң рулдуу унаалар. Ал 2015-жылы өлкөгө оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салынганын эске салды. Ошол мезгилде 1 миң 822 автокырсык катталып, анда 270 адам каза болуп, 2 миң 819 адам жаракат алган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматы боюнча 2023-жылы 1600 жол кырсыгы катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар