13:28
USD 86.50
EUR 90.34
RUB 0.85

Япония саламаттыкты сактоо мекемелерине 11 миллион доллар жардам берет

Жапон өкмөтү Кыргызстандын медициналык мекемелерине жабдууларды сатып алуу үчүн 1 миллиард 500 миллион япон иен (11 миллион доллар) өлчөмүндө грант бөлөт. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы макулдашууну Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жактырды.

Жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары жабдыктар Улуттук кардиология жана терапия борборуна, кардиохирургия жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтуна жана Улуттук онкология жана гематология борборуна алынаарын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар