17:38
USD 86.80
EUR 91.40
RUB 0.83

Бишкекте ТМУнун Мамлекет башчыларынын кеңешинин саммити өтүүдө

Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны башталды. Иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

«Ынтымак Ордосунун» кире беришинде Мамлекет башчысы ТМУга мүчө-мамлекеттеринин лидерлеринин ар бири — Азербайжан президенти Илхам Алиев, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттин лидери — Венгрия премьер-министри Виктор Орбандар менен салам алышты.

Учурашып, биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны өтө турган жыйындар залына бет алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар