Дыйкандардын жарманкелери ар бир дем алыш күндөрү бардык район-шаарларда өткөрүлөт. Бул тууралуу Биринчи радионун эфиринде министрлер кабинетинин башчысынын орун басары — суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Бийлик биринчи кезекте азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшүн кантип жөнгө салууну көздөп жатат деген суроого жооп берди.
Аткаминердин айтымында, баанын өсүшү базар экономикасынын сөзсүз бир бөлүгү жана муну монополияга каршы агенттик көзөмөлгө алышы керек.
Бакыт Төрөбаев Айыл чарба министрлиги базарды жөнгө салуу аракетин көрүп жатканын ишендирди. Ал учурдагы иш-чаралардын бири социалдык дүкөндөрдү түзүү жана ачуу экенин эске салып, акыркы мезгилде эттин кымбатташы жана бул маселенин чечилишин мисал катары келтирди.
Башкармалыктын башчысы жакында бардык облус, шаарларда жарманкелер ачылып, дыйкандар өндүргөн продукциясын алып келип, дем алыш күндөрү соода кылууга милдеттүү болоорун тактады.