23:20
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Нөлдөн ири бизнеске чейинки жол: Ozon буйрутма берүү пункттарын кантип түзөбүз?

Нөлдөн ири бизнеске чейинки жол: Ozon’дун буйрутмаларды берүү пункттарынын тармагын кантип түзсө болот?

Туруктуу бизнести түптөп, аны туруктуу негизде киреше алып келип турган ири тармакка айландыруу — бул көптөгөн ишкерлердин кыялы. Муну жасоо оңой эмес, себеби ар түрдүү факторлорду эске алуу керек. Ошентсе да, ири компания менен өнөктөштүктө бизнеске карай кадам таштасаңыз, ийгилик шеригиңиз болоору талашсыз. Канткенде нөлдөн баштап Ozon менен буйрутмаларды берүү пункттарынын тармагын куруп чыкса болоорун айтып берели.

Ozon эл аралык маркетплейси Кыргызстанда жигердүү түрдө өнүгүүдө. Платформада сатып алуучулардын саны туруктуу түрдө көбөйүүдө, себеби товарды тандап алып, мүмкүн болушунча пайдалуу сунушту таап, андан кийин аны үйгө же жумушка баратканда жолдон ала кетүү алда канча ыңгайлуу эмеспи, мында дүкөндөрдү кыдырганга убакыт да, күч да кетпейт.

Статистика боюнча, аянтчадагы 10 сатып алуучунун ичинен 8и товарларды буйрутмаларды берүү пункттарынан алып кеткенди артык көрүшөт. Ошол эле учурда өлкөдө мындай пункттардын тармагы эми гана өнүгө баштады, демек ушул бизнести баштоого убакыт келди, себеби азырынча көптөгөн пайдалуу локациялар бош турат.

Башынан эле эмне жөнүндө ойлонуш керек

Локацияны туура тандап алуу — бул бизнестин ийгилигинин кепили. Адегенде шаарды жакшылап талдап чыгыңыз. Ар кайсы райондордун калкынын санын, шаардыктардын арасында белгилүү каттамдарды жана эл көп жүргөн жерлерди баалап чыгуу зарыл. Сатып алуучулар башка иштерин бүтүрүп жүрүп, буйрутма берген товарды жолдон алып кеткиси келет. Ошол себептен буйрутмаларды берүү пункттары ири соода жана бизнес борборлордун жанында, ошондой эле белгилүү дүкөндөрдүн жанындагы кичи райондордо жайгашканы маанилүү.

Ушундан кийин пункт орун алчу конкреттүү жерди аныктап алышыңыз керек. Пункттардын тармагын пландап жатканда башынан эле биринчи түйүнүңүз кайсы жерде, ал эми кийинкилери кайсы райондо орун алаарын так билгениңиз туура болот. Мында сизге Ozon’дун интерактивдүү картасы жардамга келет. Компания өнөктөштөрүнө алгачкы жарым жылда 540 000 сомго чейин финансылык колдоо көрсөтөт жана бул картадан төлөм суммасы мүмкүн болушунча көбүрөөк бериле турган райондор көрүнүп турат.

 

Андан соң пункт орун алчу жайды издей баштайсыз. Бул жайга да белгилүү бир талаптар коюлат: биринчи кабатта орун алып, аянты 25 чарчы метрден кем болбошу керек. Ушул этапта сиз компаниянын аймактык менеджеринин колдоосуна да таяна аласыз, ал сизге тигил же бул варианттар боюнча кеңештерин берип турат.

Биринчи пунктту ачуунун жол-жобосу

Тармакты кура баштаардын алдында бардык этаптардан өз алдынча өтүп, процесс кандай жүрүшү керектигин түшүнүп алуу үчүн биринчи пунктту ишке киргизүү зарыл. Буйрутмаларды берүү пунктун ачуу оңой эле, болгону 4 кадам талап кылынат, аларды эки жуманын ичинде беймарал бүтүрсө болот.

  1. Ozon’дун сайтындагы өтүнмөнү толтурасыз.

  2. Атайын сервистеги көрсөтмөлөргө ылайык пункт орун алчу жерди тандап аласыз (атайын сервиске өтүнмө жактырылгандан кийин кирсе болот).

  3. Агенттик жана ижара келишимдерине кол коюңуз.

  4. Андан кийин жеңил ремонт жасап, пунктту ишке киргизип, акча таба баштайсыз.

Ишти баштап жаткан маалда негизги чыгымдар — ижара акысы жана жеңил ремонтко кеткен чыгашалар, ремонтко коюлган талаптар Ozon’дун брендбугунда кеңири сүрөттөлгөн. Мындан тышкары, аянтча көрнөктү, тушкагаздан баштап иш графиги жазылган тактага чейин бардык маркетингдик материалдарды акысыз берет. Эмеректерден кампа үчүн текчелер, администратор үчүн стол же отургуч, ошондой эле буйрутмаларды текшерип көрчү өзүнчө жер болушу керек. Техникадан болсо смартфон жана принтери бар компьютер гана керек болот.

Ремонт жасалып жаткан маалда кызматкерлерди табышыңыз керек. Ozon’дун буйрутмаларды берүү пункттары саат 9:00дөн 21:00гө чейин тыныгуусуз жана дем алышсыз, бирдиктүү график боюнча иштейт. Ошол себептен кезектешип иштей турган эки адамды тапканыңыз туура болот. Ошол эле кезде ишин баштап жатканда көптөгөн ишкерлер процессти толугу менен түшүнүү үчүн товарларды кабыл алуу жана буйрутмаларды берүү менен өздөрү алектенишет. Суроолордун көпчүлүгүнө кенен жоопторду компаниянын маалымдамасынан табасыз. Кызматкерлерди окутуу милдетин да Ozon өзүнө алат.

Ozon’дун пункттарын ачкандан кийин ал кардарларына жаңы пункт тууралуу өзү кабар берет жана пунктту бардык карталарга түшүрүп чыгат. Сиз болгону сервистин деңгээлин сакташыңыз керек, ал эми жарнамага кеткен чыгымдар пункттун ээсинин каалоосу боюнча болот.

Ири бренддин франшизасынын бир жакшы жери — Ozon КМШ мейкиндигинде кыйла белгилүү болуп калды. Демек, жарнамага акча коротпой койсоңуз деле болот.

Платформа сатып алуучуларды тартып, муну өзү эле жасайт. Ал эми адамдар буйрутмаларды алуу ыкмасын тандап жатканда өздөрү үчүн эң ыңгайлуу пунктту тандап алышат.

Масштабды кеңейтебиз

Пункт иштеп, андагы бардык процесстер жөнгө салынып, пункттун ээсинин тынымсыз кийлигишүүсүн талап кылбай калганда тармакты кеңейтүүгө өтсөңүз болот. Сиз тандап алган локацияларды дагы бир жолу текшерип чыгып, бул жерде чындап эле адам көп жүргөнүнө, жакын жерде атаандаштар болбогонуна ынаныңыз. Андан кийин эч коркпой, дагы өтүнмө берип, келечектеги пункт үчүн жайларды издей берсеңиз болот. Ар бир жаңы пунктка жетиштүү көңүл буруу үчүн аларды кезек менен ачканыңыз туура.

Биринчи пунктту ишке киргизгенден кийин мүмкүн болушунча азыраак чыгым менен, тез убакытта кантип ремонт жасаш керектигин, эмеректерди жана техниканы кайсы жерден сатып алса болоорун билип каласыз. Ал тургай көлөм үчүн арзандатууларды да таба аласыз. Бул этапта команданы кеңейтүүгө жана кызматкерлердин ишин жөнгө салууга көңүл буруш керек. Андан ары ар бир жаңы пунктту ачуу процесси улам жеңил боло берет, бирок, көбүрөөк милдеттери пайда болот.

 

Ozon’дун финансылык колдоосу бул бизнести өнүктүрүүнү абдан жеңилдетет. Ишти баштаган алгачкы жарым жылда ар бир пункт каржылоону ала алат, бул акча ижара акысын, эмгек акыны же башка чыгымдарды төлөөгө мүмкүндүк берип, жаңы пункт өзүн өзү актай баштайт.

Киреше эмнелерден куралат?

Пункттун ээсинин кирешеси бул жерде болгон товарлардын жүгүртүүсүнөн түзүлүп, товардын баасынын 3,7 пайызын түзөт, товардын наркы 5 085 сомго чейин болсо, буйрутмадагы ар бир позиция үчүн 188 сом түшөт. Муну менен эле чектелип калбастан, сатуучулардан товарларды кабыл алып, башка логистикалык компаниялар менен кызматташып да кошумча акча табууга болот.

Андан тышкары, эгерде сиздин пунктта кардарлардын аймагында бош орун бар болсо, аны башка бизнести жүргүзүү үчүн да колдонсо болот. Мыйзам менен тыюу салынбаган ар кандай иштерди жүргүзүүгө уруксат берилет. Мисалы, кофе сатуучу вендинг автоматын орнотуп койсоңуз болот.

Бүгүнкү күндө Ozon’до миллиондогон адамдар үй буюмдарынан баштап, кийим-кече жана азык-түлүккө чейин өтө көп сандагы товарларды сатып алышууда. Бул товарлардын басымдуу бөлүгү буйрутмаларды берүү пункттары аркылуу өтүп, анын ээлерине киреше алып келүүдө. Толук маалыматты алып, Ozon менен кызматташтыкты компаниянын сайтынан баштаса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар