14:21
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Акылбек Жапаров Пакистанда ШКУнун 23-жыйынына катышат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы 2024-жылдын 15-октябрынан 16-октябрына чейин Исламабад шаарына (Пакистан Ислам Республикасы) иш сапары менен барат.

Акылбек Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышат. Ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда.

Ал арада Пакистан өкмөтү ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммитинин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чараларды көрдү.

Бул тууралуу журналисттерге маалымат, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу министри Аттаулла Тарар билдирди.

«Исламабад — биздин өлкөнүн эң коопсуз шаарларынын бири» деди ал. — Маалым болгондой, бизде «Коопсуз шаар» деп аталган видеокөзөмөл жана оперативдүү жооп берүү системасы бар жана көп сандагы укук коргоо кызматкерлери тартылган. Мындан тышкары, коопсуздукту камсыздоо үчүн бул жерге кошумча аскер кызматкерлеринин контингентин койдук. Армия өкүлдөрү «кызыл зонаны» (негизги мамлекеттик имараттар, сот жана мыйзам чыгаруу мекемелери жайгашкан Исламабаддын аймагы) кайтарышат«.

Ал кошумчалагандай, бийлик ШКУнун иш-чараларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн «өзгөчө» чараларды көргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар