14:22
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга кетти. Делегациянын курамы

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Ашхабад шаарына түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган «Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи» аттуу эл аралык форумуна катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Расмий делегациянын курамында:

— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

— Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров бар.

Эң көп окулган жаңылыктар