22:16
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Жапаров Бишкектеги «Дастан Сити» турак жай комплексинин курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда Бишкекте курулуп жаткан «Дастан Сити» турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин борбор калаанын 11-кичи районундагы мурдагы гараждардын ордуна көп кабаттуу үйлөр борбор калаанын экс-мэри Нариман Түлеевдин жакындарынын компаниясы тарабынан курула турганы белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, курулушту инвестор «ЭкспоСтрой Курулуш Компаниясы» ишканасы жүргүзүүдө. Комплекс 2 миң 660 батирге эсептелген 24 он жети кабаттуу үйдөн турат, анын ичинен инвестор 500 батирди келишим боюнча Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берет.

Мамлекет башчысына курулуш көп жылдар бою кароосуз калган карьердин ордунда пайда болгон таштанды полигону жайгашкан жерде жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды. Бул жер тилке көптөн бери экологиялык көйгөй болуп келген жана аны тазалоо үчүн чоң аракеттер жасалган. Бул аймактан тонналаган таштанды чыгарылганы белгиленди.

«Экспострой курулуш компаниясы» ЖЧКнын директору Кубанычбек Тулеев президентке долбоорго турак үйлөр гана эмес, соода борбору, бизнес-борбор да кирерин, жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар каралганын айтып берди. Ал ошондой эле жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн курула турган балдар жана спорт аянтчалары, анын ичинде чоң футбол аянтчасы жана теннис корту, 280 орундуу бала бакчалары (ар бири 140 орундуу 2 бала бакча) бар турак жай комплексинин долбоорун көрсөттү.

Бүгүнкү күндө бир эле учурда 12 үй курулуп жатат, ал эми долбоордун аякташы 2028-жылга пландаштырылган.

«Дастан Сити» долбоору — мурда кароосуз калган жана булганыч жерлерди жашоочуларга коопсуз жана ыңгайлуу жашоо шарттарын камсыз кыла алчу көрктөндүрүлгөн райондорго айландыруунун символу болмокчу.

Эң көп окулган жаңылыктар