20:21
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Шайлообек Атазовго Ош шаарындагы стадиондун бир бөлүгүн мыйзамсыз беришкен

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов 2002-2015-жылдары спорт комитетинде бокс боюнча машыктыруучу болуп иштеп турганда Ош шаарындагы А.Сүйүмбаев атындагы стадиондун бир бөлүгү мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган башкармалык бул боюнча Ош облустук сотуна кайрылган. 2024-жылдын 25-сентябрында Шайлообек Атазовго өткөрүлүп берилген 84 чарчы метр аянт стадионго кайтарылган.

Министрликтин басма сөз кызматы 24.kg басылмасына түшүндүргөндөй, стадиондун астындагы жер Суу чарба министрлигине тиешелүү жана айдоо жерлерине кирет. «Стадион бузулабы?» — деген суроого жооп бере алышкан жок.

Эң көп окулган жаңылыктар