14:13
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Президент Түркмөнстанда Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына катышат

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен 11-октябрда Ашхабад шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган "Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи" аттуу эл аралык форумга катышат.

"Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин жана башка өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата өтө турган эл аралык форум өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталат", - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Эң көп окулган жаңылыктар