14:16
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров почта кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, өлкөнүн почта кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

«Урматтуу почта кызматкерлери жана бул тармактын кадырлуу ардагерлери!

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын почта кызматы кагазга кат жазып же телеграмма жиберген учурлардан тартып, бүгүнкү заманбап санарип тейлөө кызматына же электрондук коммерцияга чейин бүтүндөй бир доорду камтыган 145 жылдык узак жолду басып өттү.

Почта кызматынын тарыхы Россия империясы менен СССР мезгилинен башталат. Мындан туура 145 жыл мурун азыркы Бишкек, мурдагы Пишпек шаарында биринчи почта бекети ачылган. Ошондон тарта алыскы аймактарды борбор шаарлар менен байланыштырууда, ошондой эле маалымат, посылка жеткирүүдө маанилүү каналга айланган. Совет доорунда почта инфратүзүмү активдүү өнүгүп, жер-жерлерде бөлүмдөрү кеңири ачылып, калкка почта кызматынын жеткиликтүү болушу бир кыйла жакшырган.

Кыргызстандын эгемендик жылдарында башка тармактардай эле почта кызматында дагы олуттуу өзгөрүүлөр башталган. Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун толук укуктуу мүчөсү болуп, башка өлкөлөр менен эл аралык почта байланышын түзүүгө мүмкүндүк алган. Ошону менен катар почта кызматынын сапатын жогорулатуу жана анын кызмат көрсөтүү спектрин кеңейтүү жаатында бир топ иш-аракеттер жүзөгө ашкан.

Урматтуу почта кызматынын кызматкерлери!

Мына ушундай байсалдуу жолду басып өткөн өлкөнүн маанилүү тармагы бүгүнкү күндө сиздердин талбаган ишиңиздердин аркасында жаңы технологиялар, автоматташтырылган процесстер коштолгон бир топ натыйжалуу ийгиликтерге жетишти.

Биз сиздердин күн сайын миңдеген кат-кабарларды, посылкаларды кабыл алуу, иргөө, дарегине жолдоо, каржылык кызматтарды: акча каражаттарын накталай берүү, которуу, төлөмдөрдү кабыл алуу жана кызматтарга төлөө сындуу түйшүктүү ишиңиздерди жогору баалайбыз.

Ошону менен бирге, майрам күнү өлкөнүн почта кызматынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жана бүткүл өмүрүн өз кесибине кызмат кылууга арнаган ардагерлерибизге ыраазычылык билдирип кетейин.

Бүгүнкү күндө почта кызматы — бул кадимки почта бөлүмдөрү гана эмес, бул заманбап санариптик технологиялардын чакырыктарына ийгиликтүү ыңгайлашып, дүйнө жүзү боюнча маалымат алмашууну тездетүү менен өлкө экономикасын өнүктүрүүгө жардам берген бүтүндөй бир инфратүзүм экенин баса белгилөөгө болот.

Өткөн жылы «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому Бүткүл дүйнөлүк почта уюмуна мүчө өлкөлөрдүн арасында почтаны өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 98-орундан 29-орунга көтөрүлгөнү абдан кубантты.

Ушул тапта «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун электрондук сооданы кеңейтүүгө, логистикалык жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө, ошондой эле санарип дүйнөнүн керектөөлөрүнө ылайыкташтырылган почта кызматын жакшыртууга багытталган бир катар эл аралык долбоорлорду ишке киргизүү боюнча аракеттери колдоого арзыйт.

Урматтуу почта тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар жана бул тармактын 30 жылдыгы менен дагы бир жолу куттуктайм.

Элдин аманатын жеткирүүдөгү ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун.

Сиздерге жана сиздердин үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакубат өмүр каалайм.

Майрамыңыздар менен!"

Эң көп окулган жаңылыктар