16:24
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

ЖК депутаты айрым үй-бүлөлөргө жөлөк пул берилбей жатканына нааразы болду

Жогорку Кеңештин бүгүн, 2-октябрдагы жалпы жыйынында депутат Надира Нарматова Эмгек министрлигинин башчысы Жылдыз Полотовадан айына 1 миң сом менен баланы бакканга болобу деген суроону кабыргасынан койду.

Эл өкүлү айына 5 миң сом кирешеси бар үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан жөлөк пул берилбей жатканына нааразы болду.

«Эгер бала айына 1 миң сомдон алса, анда бул үй-бүлөгө жөлөк пул бөлүнбөйт. Бул акчага баланы бакса болобу? Балдардын бут кийимдери канча турат жана жылына канча жолу алмаштырылышы керектигин билесизби? Ал эми бир үй-бүлө мүчөсүнүн айына 1 миң сом болсо, ошол эле жетет, мамлекеттик колдоо көрсөтпөй жатасыңар деп жатасыңар», — деди Надира Нарматова.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Жылдыз Полотова бул сумма этап-этабы менен көбөйтүлүп жатканын жана министрлер кабинети жумуш орундарын түзүүгө жана жарандарды ишке тартууга көбүрөөк көңүл буруп жатканын жооп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар