15:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Президент Садыр Жапаров Рим папасы Франциск менен жолугушат

Президент Садыр Жапаров 2-4-октябрь күндөрү Италия Республикасына жана Ыйык Тактыга (Ватикан) расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«3-октябрда КР Президенти Садыр Жапаровдун Италия Республикасынын Президенти Серджо Маттарелла, Италия Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Джорджей Мелони, Италия Республикасынын Депутаттар палатасынын Төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италия Республикасынын Сенатынын Төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган».

Маалыматка ылайык, Италияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-италиялык мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулашат, ошондой эле эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашат.

«2024-жылдын 4-октябрында КР Президенти Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
1-октябрь, шейшемби