04:23
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Жанар Акаев көчө жана мекемелерге адам аттарын ыйгарууга тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев көчөлөргө жана мекемелерге адамдардын атын жана фамилиясын ыйгарууга тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында биринчи окууда Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарынын жана айылдарынын аталыштарын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Эл өкүлүнүн айтымында, 17 көчөнүн 12сине элдин ысымын ыйгаруу сунушталууда.

Жанар Акаев сунушталып жаткан демилгени колдой турганын айтып, бирок келечекте Кыргызстан көчөлөргө жана башка объектилерге адамдын ысымын ыйгаруу практикасынан арылуу керектигин белгиледи.

«Биздин өлкөдө аталардын, чоң аталардын атын көчөгө ыйгаруу мурунтан эле илдет болуп калган. Бул жетишкендик катары кабыл алынат. Андай идеология болбошу керек. Атүгүл райондук билим берүү бөлүмүнө ошол адамдын атын атадык. Борборубузда бир көчөгө үч адамдын ысымы ыйгарылды: Элебесов, Абдрахманов, Байтик баатыр. Мындай көрүнүштөрдү мыйзам деңгээлинде чектөө сунушу бар», — деди Жанар Акаев.

Эң көп окулган жаңылыктар