22:03
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Садыр Жапаров Астанада немис ишкерлери менен жолугушту. Эмнелер талкууланды?

Бүгүн, 17-сентябрда Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Астана шаарында немис ишкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, бул жолугушуу Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берет. «Ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүүгө жана менчикти коргоого багытталган ченемдик-укуктук актылардын комплекси кабыл алынды», — деди президент.

Жапаров ошондой эле бизнес үчүн салык жүгүн азайтуу жана инвестициялык мааниге ээ ишканаларга жеңилдиктерди берүү, бул тике чет элдик инвестициянын өсүшүнө өбөлгө түзүүнү белгиледи. Анын айтымында, Германия Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирет.

Өзгөчө көңүл ГЭСтерди куруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана логистика жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө бурулду.

Немис ишкерлери Кыргызстан менен кызматташууга, өзгөчө энергетика, логистика, өнөр жай жана жаштарга билим берүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

«Кыргызстан немис бизнеси менен активдүү диалогго ачык жана бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртууга даяр», — деп баса белгиледи президент.

Эң көп окулган жаңылыктар