03:24
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

ЖК депутаты Эрулан Кокулов Токмоктун мэри менен чатакташты

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкулов бул ирет Токмак шаарынын мэри Максат Нусувалиев менен жаңжалдын чордонунда калды. Чырдын чыгышына спорт мектебинин оңдоп-түзөө иштеринин начардыгы себеп болгон. Эл өкүлү видеону социалдык тармактардагы баракчасына жарыялады.

Эл өкүлүнүн айтымында, ага жергиликтүү тургундар кайрылып, объектти реконструкциялоонун сапатына нааразы болушкан. Эрулан Кокулов мэрди спорт мектебинин абалы менен таанышып, элдин арыз-муңуна жооп берүүгө чакырган.

Окуя болгон жерге келген депутат менен чиновник чатакташа кетишкен. Максат Нусувалив Эрулан Кокуловду маданиятсыз жүрүм-туруму үчүн айыптады. Ал эл өкүлүнүн үнүн чыгарбоону, аны менен сүйлөшүп жатканда колдорун чөнтөгүнөн чыгарбоосун жана депутаттын суроолоруна жооп берип жатканда ары-бери баспоону өтүндү.

Ал эми Эрулан Көкулов анын статусу мэрден жогору экенин, ага өзүн кандай алып жүрүүсүн Максат Нусувалиев көрсөтпөсүн деп жооп берди.

Максат Нусувалиевдин айтымында, талкууланып жаткан спорт мектебин реконструкциялоого 17 миллион сом жумшалган. Бирок ишти кабыл алуу актына кол коюла элек. Муниципалитет кайра эсептеп чыгууну көздөп жатат. Мэрдин айтымында, долбоордун сметалык баасы спорт мектебинде аткарыла турган негизги жумуштарды камтыган эмес. Объект 1973-жылы курулган.

Эске салсак, бир жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов менен ошол кездеги билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев чатакташа кеткен. Эл өкүлү буга чейин чиновник айткан ишеним телефону иштебей жатканына нааразычылыгын билдирген эле.

Эң көп окулган жаңылыктар