Кыргызстанда 2024-жылы сел 22 адамдын өмүрүн алып, жалпы зыян 1 миллиард сомдон ашык болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов билдирди.
Анын айтымында, жыл башынан бери өлкө аймагында 331 сел катталган. 3 миң 752 үйдү, 84 социалдык объектилерди, 411 чакырым жолду сел каптап, 29 чакырым арыктарды бузушкан. 99 үй кооптуу деп табылган.
Селдин кесепетинен 88 бодо мал, 174 кой, 9 жылкы, 628 үй канаттуулары кырылып, 126 автоунаа жабыркаган.
Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллиард 255 миллион сомду түзөт.