15:22
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Түп айылындагы жолду асфальттоодо келтирилген 1,4 млн сомдук зыян өндүрүлдү

Ысык-Көл областтык прокуратурасы тарабынан Түп айыл өкмөтүнүн жана «Д.Т» ЖЧКнун кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 346-беренеси («Кызматтык жасалмачылык») менен кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, 2021-жылдын 20-сентябрында Түп айыл өкмөтү менен «Д.Т.» ЖЧКнун ортосунда Түп айылынын «К» көчөсүнүн 473 метрине асфальт төшөө боюнча келишим түзүлүп, аталган коомго 2 млн 741 миң 591 сом акча каражаты которулуп, асфальт төшөө иштерин ошол эле жылдын 25-октябрына чейин бүтүрүү жагы каралган.

Бирок, Түп айыл өкмөтү менен «Д.Т.» ЖЧКнун кызмат адамдары өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, жеке кызыкчылыктар үчүн аткарылган иштердин актысына жалган маалыматтарды көрсөтүшкөн.

Текшерүүдө, Түп айылынын көчөсүнүн 97 метрине гана асфальт төшөлүп, калган 376 метрине бүгүнкү күнгө чейин асфальт төшөлбөгөндүгү такталып, мамлекетке 1 млн 398 миң 203 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Учурда мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар