08:39
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

9 ай ичинде 1 миллиард сомдон ашуун зыян келтирүү боюнча иштер сотко берилди

Аскер прокуратурасы тарабынан тергөөсү аяктап, сотко жиберилген мамлекетке келтирилген материалдык зыян менен байланышкан жазык иштердин жыйынтыгы менен, мамлекеттик айыптоону колдоодо, сот тарабынан мыйзамдуу жана адилеттүү чечим кабыл алынуусу боюнча тийешелүү иш чаралар алынып барылууда. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 9 айына карата тергөөсү аяктап, сотко жиберилген жазык иштердин алкагында мамлекеттин эсебине жалпысынан 1 миллиард 39 миллион 638 миң 133сом өндүрүлгөн жазык иштер боюнча сот тарабынан күнөөлүү адамдарга карата тийешелүү айыптоо өкүмдөрү чыгып, алар ар түрдүү жазаларга кириптер болушкан.

Мисалы, З.М. аттуу жаран Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору болуп, радиожыштык спектрин эффективдүү пайдаланууну жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ кызмат адамы болуп, башка кызмат адамдары менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте коррупциялык байланышта, өзүнө жана башкаларга материалдык пайдаларды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында мамлекеттин жана коомдун таламдарына карама-каршы келген аракеттерди жасап өзгөчө оор кылмыш жасаган.

Атап айтканда, МБА тарабынан «Скайнет Телеком» ЖЧКна 2019-жылдын 14-декабрына чейин колдонуу мөөнөтүнө берилген радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча Лицензиясынын мөөнөтүн узартуу боюнча арызды тапшыруу мөөнөтүү өтүп кеткендигине карабай, З.М. башка МБАга кураторлук жүргүзгөн УКМКнын кызматкерлери Т.А.мененК.Д., МБАнын кызматкери Ж.А. менен биргеликте өз ара келишип «Скайнет Телеком» ЖЧКнын директору Р.Г. менен компаниянын негиздөөчүсү Р.Е.нин кызыкчылыктарын көздөп, аталган компаниянын лицензиясын мөөнөтүн узартуу боюнча арызын убакты өтүп кеткен күн менен кабыл алып, ал арызга мурда башка кириш документине ыйгарылган 3635 каттоо номерин мыйзамсыз түрдө ыйгарышып, ал арызды өз убагында берилген катары катташкан. «Скайнет Телеком» ЖЧКнын мыйзамсыз катталган арызы мамлекеттик байланыш агенттигинин жооптуу кызматкерлери тарабынан кароого кабыл алынып, аны кароонун жүрүшүндө компания радиожыштык спектрин натыйжасыз пайдалангандыгы аныкталган.

Бирок, З.М. байланыш тармагындагы мыйзам бузууларга карабастан, акчалай сыйлык алууга кызыкдар болуп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы аракеттенип, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 570-пр буйругу менен «Скайнет Телеком» ЖЧКнун лицензиясынын жарактуу мөөнөтүн узартуу боюнча чечим кабыл алган.

Ал эми, «Скайнет Телеком» ЖЧКнун арызын артка карай кабыл алгандан кийин, жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматкерлер Р.Е. ден $4 миң алып, өз кызыкчылыктарына ыйгарып алышкан.

Жогорудагы кызматкерлердинкоррупциялык аракеттеринин натыйжасында мамлекетке6 миллион 212 миң 850 сом зыян келтирилген.

Кылмыш иштин алкагында Аскер прокуратурасы тарабынан күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчлигине тартуу менен аларга карата көрүлгөн чаралардын негизинде мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, З.М.ге тергөө тарабынан КРнын КЖКнин (коррупция) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен айыбы угузулган.

2022-жылдын 18-февралындагы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен З.М. күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айып пулуна кириптер болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар