12:08
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Ала-Букада мектептин курулушун бүтүрбөй, 8 млн сомдон ашуун зыян келтирилди

Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирген фактысы аныкталды.

Прокуратура берген маалыматка ылайык, Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл өкмөтүнүн Жаңы-Шаар айылына 150 орундуу мектеп курууда өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын которушуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөй, натыйжада мамлекетке 8 млн 845 миң 500 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, келтирилген зыянды өндүрүү жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар