05:42
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Башкы прокуратура. Энергетика министрлиги 889 миллион сом зыян келтирген

Пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Энергетика министрлигинде жана анын түзүмдүк уюмдарында мыйзам бузулгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, нормативдик укуктук актылардын талаптары бузулгандыгы боюнча прокуратура органдары тарабынан 132 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, мамлекетке 22 миллион 150 миң 218 сом өндүрүлгөн.

Мындан тышкары, Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштардын негизинде 32 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 889 миллион 54 миң 197 сомду түздү.

Пландуу текшерүүнүн алкагында энергетика тутумунун кызмат адамдары жана башка мекемелеринин кызматкерлеринин коррупцияга каршы аракеттенүү, эмгек, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, энергетика жана отун-энергетикалык комплекси жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сакталуусу иликтенген.

Эң көп окулган жаңылыктар