07:51
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Веткызмат керексиз вакцина сатып алып, мамлекетке 67 миллион сом зыян келтирди

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызматта жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө поливаленттүү типтеги шарп оорусуна каршы вакциналарды сатып алуу фактысы боюнча аталган кызматтын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «В» жабдып берүүчүнүн катынын негизинде жалпы суммасы 67 миллион 560 миң сомго 2,0 миллион доза санында A Iran-2005, A Sea-97, O PanAsia-2, O Ind-2001, Asia-1 Sindh-08 алынган, бирок кат расмий түрдө аталган кызматка келип түшкөн эмес жана белгиленген тартипте катталган эмес.

Мында, Веткызматтын кызмат адамдары кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыгына каршы кыянаттык менен пайдалануу менен поливаленттүү типтеги шарпка каршы вакцинанын техникалык өзгөчөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизишкен, ошону менен «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуу менен бир гана жабдып берүүчү үчүн шарт түзүшкөн. Ошондой эле жогоруда аталган вакцинаны Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошумаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча департаменттен ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламенттин талаптарын бузуу менен каттоосуз жана сертификаттоосуз сатып алышкан. Анда ушул техникалык регламенттин талаптарына ылайык келбеген ветеринардык дары каражаттары шайкештик белгиси менен маркаланбашы керек жана рынокко жайгаштырууга жол берилбейт деп көрсөтүлгөн. Сертификат продукциянын үлгүсүнө сыноо жүргүзүлгөндөн кийин жеткирүү башталганга чейин берилет.

Мындан тышкары, Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун катына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында A Sea-97 жана O Ind-2001 шарп түрлөрү расмий катталган эмес

Ошондой эле, Веткызматтын кызмат адамдары «В» деп аталган жабдып берүүчү тараптын кызыкчылыктарын көздөп, жүргүзүлгөн тендерден жана вакцина алып келинген кийин өздөрү мыйзамсыз түрдө Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча департаментке жогоруда аталган вакцинаны каттоого жана сертификациялоого арыз беришкен, мында жабдып берүүчү өзү тендер өткөргөнгө чейин бул продукцияны каттоого жана сертификациялоого арыз берүүүгө тийиш.

Техникалык регламентке ылайык каттоо жүргүзүүгө байланышкан бардык чыгымдар арыз ээси тарабынан төлөнөт, ал эми Веткызматтын бюджетинде бул чыгымдар каралган эмес.

Мындан кийин, департамент тарабынан бул вакцина техникалык регламенттин белгиленген талаптарына шайкеш келбейт деген эксперттин корутундусун чыгарган жана шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Андыктан, аталган кызмат адамдарынын иш-аракеттеринен улам мамлекетке өзгөчө ири суммада зыян келтирилген. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар