USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Аскар Акаев Жогорку Кеңештен экс-президент макамын кайтарып берүүнү суранды

12:27, 05 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кат жолдоду. Бул тууралуу маалыматты парламенттин басма сөз кызматы тастыктады.

Буга чейин “Азаттык” депутат Чолпон Султанбековага шилтеме берүү менен Аскар Акаевден бүгүн, 5-сентябрда кат келгенин жазган.

 «Маселе күн тартибине дароо киргизилбейт. Биринчиден, фракциялар, алардын лидерлери, депутаттар менен сүйлөшүүлөр болот. Андан кийин бул маселе күн тартибине качан киргизилээрин маалымдайбыз», - деди эл өкүлү.

Эске салсак, Аскар Акаев өлкөнү 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылдын 24-мартында үй-бүлөлүк, авторитардык жана коррупциялык бийликке каршы «Жоогазын революциясы» деп аталган төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен кулатылган. Ошондон кийин Аскар Акаев Кыргыз Республикасынан чыгып кетип, андан бери Россияда жашап келет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика