05:17
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Дастан Бекешев автобустарды сатып алууга миллиард сом бөлүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев 2025-жылдын республикалык бюджетине автобустарды сатып алууга 1 миллиард сом киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлү бул миллиард сомду кайдан тапса болорун көрсөтө аларын айтты.

Депутаттын пикиринде, Бишкекте коомдук транспорт тартыш болгондуктан, троллейбустардын Ош шаарына берилгени туура эмес экенин айтты. Ошол эле учурда маршруттук таксилерден арылганыбыз туура болгондугун белгиледи.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев троллейбустар борбордон толугу менен чыгарыла турганын билдирген. Анын айтымында, электроавтобустар жана башка коомдук транспорттор көбүрөөк мобилдүү жана шаардагы тыгындарды чечүүдө алардын каттамын өзгөртүүгө болот, ал эми троллейбустар менен мындай чечүү мүмкүн эмес.

Муниципалитет Бишкекке 100 троллейбус берүүнү сунуштап, алар байланыш түйүндөрүн демонтаждап башташты. Бул айрым жарандардын тынчсыздануусун жаратты. Август айынын аягында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары троллейбустарды өткөрүүгө макулдук берген.

Эң көп окулган жаңылыктар