18:16
USD 87.45
EUR 90.16
RUB 0.85

Дүйнө чемпионаты(U17): Садыр Жапаров жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-сентябрда «Ынтымак Ордодо» жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн (U 17) кабыл алып, спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Спортчулар Курсантбек Исаков, Өмүрбек Асан уулу жана Рустамжан Кахаровдун ар бири 600 миң сомдон алышты. Кутман Калбаев — 400 миң жана Бекжан Бейшембаев — 200 миң сом берилди.

Ал эми улук машыктыруучулар Азат Мирахимов менен Дастан Муктаров президенттен 150 миң сомдон алышты. Төрт жеке машыктыруучу Рустам Кочаров, Абдурашит Мамасабиров, Айбек Бердалиев жана Ратбек Мамбетов — ар бирине 100 миң сомдон тапшырылды.

Садыр Жапаров өз сөзүндө өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө алдында жаш балбандар жалпы кыргыз элине эң сонун белек тартуулаганын белгиледи.

Ал быйылкы жыл, албетте, ата мекендик спортчулар үчүн ийгиликтүү болгонун баса белгиледи. Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстан алты медаль утуп, кыргыз спортунун тарыхын жаңылады.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчы спортчуларды кылмыш иштерине же саясий оюндарга азгырууга жол бербөөгө чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG