Бир мандаттуу № 13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоого катышуу ниетин 15 талапкер билдирген (12 эркек, 3 аял). Төрт талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.
Эске салсак, аталган округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрга белгиленген. Бул аймактан депутат Тазабек Икрамовду Боршайком өзү жазган арыздын негизинде 19-июлда мандатынан ажыраткан.