16:17
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Самбо боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз спортчулары 5 медаль жеңди

Чолпон-Ата шаарындагы Газпром спорт комплексинде өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Маалыматына ылайык, мелдештин биринчи күнү Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы 5 медаль (1 күмүш, 4 коло) жеңишти.

64 кг чейинки салмакта Саяк Бараканов күжүрмөн самбо боюнча 2-орунду ээледи.

Спорттук самбо боюнча 88 кг чейинки салмакта Жамалбек Асылбек уулу жана Фарух Мамаджанов, +98 кг чейинки салмак категориясында Бекболот Токтогонов коло медалга ээ болушту.

Кыз-келиндер арасында 54 кг чейинки салмакта спорттук самбо боюнча Акак Үсөн кызы 3-орунду ээледи.

Бүгүн, 16-август күнү спорттук самбо боюнча эркектер арасында 64, 79, 98 кг чейинки салмакта, күжүрмөн самбо боюнча 58, 71, 88, +98 кг чейинки салмак категориясында спортчулар килемге чыгат.

Кыз-келиндер арасында спорттук самбо боюнча 50 жана 80 кг чейинки салмакта, күжүрмөн самбо боюнча 54, 59, 65, 72, 80 кг чейинки салмакта беттештер өтөт.

Спорттук самбо (эркектер арасында):

— 64 кг Бексултан Бердибеков, Адилет Кубаныч уулу;

— 79 кг Айдос Алиев, Байэл Жакшылыков;

98 кг Артур Сансызбеков, Шахрёр Идирисов;

Күжүрмөн самбо (эркектер арасында):

— 58 кг Даниэл Асеков, Мурзабек Үсөн уулу;

— 71 кг Курманбек Замирбек уулу, Шерзат Кудайбердиев;

— 88 кг Бектен Эркебай уулу, Бектур Идирисов;

— +98 кг Талас Нуралиев, Эмилбек Расулов;

Спорттук самбо (кыз-келиндер арасында);

— 50 кг Айзада Жаналиева, Канышай Аманкулова;

Күжүрмөн самбо (кыз-келиндер арасында):

— 54 кг Акак Үсөн кызы, Аяна Рыскулбекова;

— 59 кг Бегимай Акбалаева;

— 72 кг Мээримай Нурадиллва.

Эске салсак, курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
30-сентябрь, дүйшөмбү