12:51
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бир класста канча бала окушу керек? Билим берүү министринин жообу

«Чоң шаарлардагы мектептерде класстардын толуп калуу маселеси кандай чечилүүдө? — деген суроого Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева ведомствонун Фейсбук баракчасында түз эфирде жооп берди.

«Биз үчүн эң чоң көйгөй — бул Бишкектеги окуучулардын саны. Бул ички миграцияга байланыштуу болууда. Анан, албетте, ар бир адам кайсы жерде жашабасын, баласын жакшы мектептерде окуусун каалайт. Быйыл райондоштуруу иштери жүрүп жатат. Биз мэриянын демилгесин колдодук. Балдар жашаган жеринде окуйт деген дүйнөлүк практика бар. Шаарды кыдырып чыгуу физикалык, психологиялык жактан стресс болуп, балдарга оорчулук жаратат», — деди ал.

2023-жылы министрлер кабинети бир класста 36 баладан ашык болбошу керек деген чечим чыгарган. Учурда бизде бош орундар бар. Балким, биз дагы бир аз уруксат беребиз.

Догдуркул Кендирбаева

Белгилей кетсек, өлкө боюнча 113 миңден ашык бала 1-класска кабыл алынган. Кээ бир борбордогу билим берүү мекемелеринде дагы бош орундар бар, электрондук каттоо 30-августка чейин уланат.

Эң көп окулган жаңылыктар