16:18
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу башталды

Бүгүн, 15-августта Чолпон-Ата шаарындагы Газпром спорт комплексинде самбо боюнча Дүйнө кубогу башталды.

Мелдешке 14 мамлекеттен келген 250 дөн ашык спортчу катышууда.

Килемде спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 71, 88, +98 кг салмакта, күжүрмөн самбо боюнча 64, 79, 98 кг салмакта жана кыз-келиндер арасында спорттук самбо боюнча 54, 59,72, 80 кг чейинки салмакта категорияларында беттештер өтөт.

Бүгүн чыга турган улуттук курамдын тизмеси:

Спорттук самбо (кыз-келиндер арасында):

— 54 кг Акак Үсөн кызы, Аяна Рыскулбекова;

— 59 кг Аида Асанбекова, Улара Карыпбекова;

— 72 кг Динара Камчибекова, Адинай Алмазова

— 80 кг Назима Амантурова,

Спорттук самбо (эркектер арасында):

— 58 кг Камил Оболбеков, Сандар Марип уулу

— 71 кг Алай Сартов, Олжобай Күйкөнов;

— 88 кг Жамалбек Асылбек уулу, Фарух Мамаджанов;

— +98 кг Бекболот Токтогонов, Нуртилек Рысбеков.

Күжүрмөн самбо (эркектер арасында):

— 64 кг Саяк Бараканов, Исланбек Өмүржан уулу;

— 79 кг Элзар Орозалиев, Вахап Абдуллаев;

— 98 кг Нурсултан Тайлаков, Кошаалы Назаркулов.

Эске салсак салсак, курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана Ильгиз

Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
30-сентябрь, дүйшөмбү