Эртең, 10-августта түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +20...+25, күндүз +29...+34,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +27...+32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21...+26, күндүз +31...+36,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +23...+28.
Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +25...+30.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндү өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +22...+24, күндүз +31...+33 градус болот.

