08:01
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Асман шаарынын алгачкы имараты качан бүтөөрү айтылды

Асман шаарындагы биринчи имараттын курулушу бир же бир жарым жылдын ичинде бүткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин башчысы Нурдан Орунтаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин долбоорго инвесторлор тартылган.

«Баштапкы план боюнча бир нече ондогон имараттар курулат. Шаар кеңейет, бул 10-20 жылга созулушу мүмкүн. Учурда иш башталды, күтөбүз. Биринчи имарат бир же бир жарым жылдын ичинде тургузулат», — деп белгиледи Нурдан Орунтаев.

Ал ошондой эле учурда жер бөлүштүрүү жана пландоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 2023-жылдын 30-июнунда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы экологиялык жактан таза Асман шаарынын капсуласын салган. Болжолдуу ишке ашыруу мөөнөтү жети жылдан он жылга чейин деп белгиленген. Долбоордун баасы болжолдуу түрдө 20 миллиард долларды түзөт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 3 миң 143 гектар жер трансформацияланган. Бирок ушул убакка чейин бөлүнгөн аймакка жумушчулар үчүн гана жатакана курулган.

Эң көп окулган жаңылыктар