Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын жыйынында экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев Асман шаарын куруу боюнча кытайлык инвестор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, жакында Каржы министрлиги инвестор менен меморандумга кол коет.
Эске салсак, 2023-жылдын 30-июнунда президент Садыр Жапаров жаңы экологиялык таза шаар курууга капсула салган. Долбоордун сметалык баасы 20 миллион доллар экени маалымдалган.