19:38
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыргызстанга Швейцариянын тышкы иштер министри келди

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис расмий сапары менен учуп келди.

Анын сапарынын алкагында 2024-жылдын 3-июлунда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрү пландалып, кыргыз-швейцария кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Ошондой эле Федералдык департаменттин башчысы Иньяцио Кассис президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуусу күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар