01:38
USD 86.50
EUR 91.18
RUB 0.86

Акча талап кылган блогер үй камагына чыгарылды

Ош шаардык соту мурда камакта жаткан Жанышбек кызы Гүлперини үй камагына чыгарды. Бул тууралуу анын жактоочулары билдирди.

Алардын айтымында, мына ошентип сот тергөөчүнүн тергөө учурунда камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу өтүнүчүн канааттандырган жок.

Эскерте кетсек, буга чейин ИИМдин басма сөз кызматы Ош шаарында өзүн блогер деп тааныштырып, акча талап кылган кыз кармалганын билдирген. Ведомстводон билдиришкендей, Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган тургуну Ж.Г., 2024-жылдын март айынан бери социалдык тармактардагы баракчаларына терс маалыматтарды жарыялайм деп коркутуп, арыздануучудан акча талап кылгандыгы аныкталган. Ошол эле учурда, ал буга чейин бир нече жолу акча алып, бирок токтоп туруп, ал опузалап, андан кийин iPad планшет талап кылган.

Топтолгон материалдардын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап пара талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон. Жанышбек кызы Гүлпери 50 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Ал Facebookтун активдүү колдонуучусу. Кармалганга чейин ал өзүнүн баракчасына атайын жасашкандыгын жазган.

Эң көп окулган жаңылыктар