08:20
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Жогорку Кеңеш Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун колдоду

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев маалымат берди. Анын айтымында, мыйзам долбоорун кабыл алуу Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоого мүмкүндүк берет. Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө жалпы оң социалдык-экономикалык натыйжага ээ болот жана калкка көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтарды кеңейтүүгө, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө олуттуу көмөк көрсөтөт.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Эске салсак, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун координациялоо боюнча кеңсе Бишкекте 2023-жылдын январында ачылган. Ал курулуш иштерин тездетуу боюнча биргелешкен чараларды координациялайт. Кытай темир жол курулуш корпорациясынын долбоорлоо-изилдөө институту долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууда.

Долбоордун жалпы баасы 4 миллиард 700 миллион долларды түзөт. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн Кыргыз Республикасы кытай банктарынан насыя алууну көздөп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар