08:42
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кыргызстан темир жол куруу үчүн Кытайдан насыя алууну көздөөдө

Кыргызстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн Кытайдан насыя алууну көздөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай өкмөтүнүн, Кыргызстандын министрлер кабинетинин жана Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда «Кыргыз темир жолу» УК" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Келишимдин суммасы 4 миллиард 700 миллион долларды түзөт.

«Келишимге ылайык, чыгымдардын 51 пайызын КЭР, ал эми 24,5 пайызын кыргыз жана өзбек тарап көтөрөт», — деди Азамат Сакиев.

«Акча кайда? 1 миллиард долларды кайдан табабыз?» — деп сурады депутат Бактыбек Сыдыков.

Азамат Сакиев Кыргыз Республикасынын Кытай банктарынан насыя алуу ниети бар деп жооп берди.

«Кыргыз темир жолу» УК" мамлекеттик ишканасынын директору долбоордун жалпы наркынын жарымын — 2 миллиард 350 миллион долларды Кытай тарап биргелешкен ишканага кредит түрүндө бергенин тактады.

Калган 2 миллиард 350 миллион долларды тараптар өз эсебинен жабууга тийиш. Натыйжада Кыргызстандын үлүшү 783 миллион долларды түзөт.

Эске салсак, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун координациялоо боюнча кеңсе Бишкекте 2023-жылдын январында ачылган. Ал курулуш иштерин тездетуу боюнча биргелешкен чараларды координациялайт. Кытай темир жол курулуш корпорациясынын долбоорлоо-изилдөө институту долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууда.

Буга чейин президент Садыр Жапаров курулуштун баасы 3 миллиард доллардан 5 миллиард долларга чейин болорун билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар