18:24
USD 87.00
EUR 90.63
RUB 0.79

Акылбек Жапаров Бишкек шаары үч жылда өзгөрө тургандыгын айтты

Бишкек шаарынын келбети үч жылдан кийин өзгөрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 13-июнда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Ал «Бишкектин кирешесин көбөйтүү үчүн чоң келечеги бар. Биз бул багытта жардам беребиз. Бишкек борбор шаар болушу керек, үч жылдын ичинде шаарга кирген бардык айыл өкмөттөр менен бирге өзүнүн көрүнүшүн өзгөртөт», — деди .

Мындан тышкары министрлер кабинетинин башчысы 1 миллиард сомго муниципалдык техника, дагы 1 миллиард сомго жол куруу техникалары алынганын айтты.

Эске сала кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш биринчи окууда административдик-аймактык реформа жаатындагы бир катар ченемдик укуктук актыларды кабыл алган. 235 бириктирилген айыл аймагынын жана 33 республикалык, областтык жана райондук маанидеги шаардын административдик чек араларын алардын схемалык картасына жана чек араларынын сыпаттамасына ылайык бекитүү сунушталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар