10:29
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте соодагерлер митинг өткөрүүдө. Алар патенттик системаны суранышат

Бишкекте бир нече базардын соодагерлери үч күндөн бери митинг өткөрүүдө. Бүгүн алар кайрадан Максим Горький атындагы паркка чогулушту.

Акциянын катышуучулары электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) жана электрондук коштомо кагазды жоюуну, патенттик салык тутумун сактоону талап кылышууда.

Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысыбеков «Дордой Дыйкан», «Ош базарлары» жана «Азиз» базарларынын соодагерлери менен маектешти.

«Патент системасы эчак эле артта калды. Бул баарыңарга эле түшүнүктүү болсо керек. Эми анын кайтып келиши боюнча маселе жок. Бүгүнкү күндө биз сизге ыңгайлуу кылуу үчүн ЭЭФ жана электрондук эсептөө кантип ишке ашыра аларыбыз маанилүү. Туура эмес түшүнбөгүлө», — деди Кубанычбек Ысыбеков.

Бирок чогулгандар чиновниктин сөзүнө канааттанган жок.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 1-январынан тарта өлкөнүн бардык базарлары патенттик системадан электрондук эсеп-фактурага өтүшү керек болчу. Ошондуктан Кыргызстандагы эң ири «Дордой» базарынын соодагерлери митингге чыгышкан. Алар менен жолугушууга президент келип, даярданууга убакыт берип, Садыр Жапаров электрондук эсеп-фактурага өтүүнү 1-июлга жылдырылган болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар