Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын Улуттук рейтингин түзүү боюнча изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Мындай изилдөө Кыргызстанда биринчи жолу жүргүзүлдү.
Университеттер 6 критерий боюнча бааланган:
Академиялык репутация;
Иш берүүнү баалоо;
Окутуунун сапаты;
Science Citation Index;
Чет өлкөлүк мугалимдердин катышы;
Чет өлкөлүк студенттердин катышы.
Рейтингдин алдыңкы 10 сабын ээлегендер:
1) Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы — 461,56 упай.
2) Эл аралык «Ала-Тоо» университети — 453,58 упай.
3) Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети — 436,74 упай .
4) ОшМУ — 415,84 упай.
5) Кыргыз-Орус Славян университети — 412,74 упай.
6) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети — 404,36 упай.
7) К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети — 403,54 упай .
8) Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети — 352,92 упай.
9) Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети — 324,3 упай.
10) Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети — 318,12 упай .
Изилдөөгө жалпысынан 27 университет катышты. Ар бир критерий боюнча университеттердин рейтинги менен https://rating.kg/rating/about-overall-rating сайтынан таанышууга болот.
Белгилей кетсек, рейтингди түзүү иштери 2023-жылдын октябрында башталган. 2024-жылдын январынан бери EdNet агенттигинин сурамжылоосуна 1 миң 1 мугалим жана 507 иш берүүчү катышкан.