16:13
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Уран өндүрүү боюнча ата мекендик адистер Кыргызстанга кайтышууда

Уран өндүрүү боюнча адистер Кыргызстанга кайтып келүүдө. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин жыйынында «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси Айша Карпаева билдирди.

Анын айтымында, Кара-Балта тоо-кен комбинатынын (КГРК) коллективинде уран казуу боюнча технологдор бар.

«Уран өндүрүү башкалардан эч айырмаланбайт. Радиациялык коопсуздугу гана бар. Кызыл-Омпол кени башка алтын кендери сыяктуу эле. Аны жууса болот. Азыр урандын баасы кымбат болгондуктан өндүрүш көбөйүп жатат. Атомдук электр станциялары курулуп жатат. «Казатомдо» иштеген адамдарыбыз бизге кайрылып, адистер кайтып жатышат. Биздин адистер кайтып келишүүдө», — деди Айша Карпаева.

Бирок казакстандык ишканаларда канча кыргызстандык уран өндүрүүчү адис иштейт деп жооп бере алган жок.

Депутат Чыңгыз Айдарбековдун суроолоруна жооп берип жатып, эксперт, Москва ядролук университетинин бүтүрүүчүсү Эсенжан Мусурманкулов бүгүнкү күндө Кыргызстанда уран казуу боюнча жалгыз адис экенин мойнуна алды.

Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү уран жана торий казууга тыюу салууну алып салуу боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар