Эртең, 11-июнда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18...+23, күндүз +31...+36,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +33...+38,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28,
Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +22...+27.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +32...+34 градус ысык.