03:22
USD 87.86
EUR 93.94
RUB 1.00

Садыр Жапаров «Жаңы кадам» жалпы республикалык кеңешмеге катышат

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда «Жаңы кадам» социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеге катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага «Социалдык контракт» программасынын мыкты катышуучулары, ошондой эле өз демилгеси менен өз жамааттарын өнүктүрүүгө инвестиция салган жарандар чогулат.

«Социалдык контракт» программасы муктаж үй-бүлөлөргө колдоо механизми катары президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ашырылууда.

Иш-чара УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар